Движение SUN в Кыргызстане

Кыргызстанда Туура тамактаналы теле-долбоору старт алды

Jan 27, 2021

Кыргызстандын жана СНГ мамлекеттеринин эң мыкты аш позчуларынын бири, KAYNAR GROUP ресторандар тармагынын бренд-шефи Эмил Жангиров жана андан кем калбаган ашпозчулар сиздер үчүн ден-соолукка пайдалуу тамак-ашты даярдоо ыкмаларын тартуулайт.   

"Туура тамактаналы" теле-долбоорун ЭлТР телеканалында ар жума ишемби күндөрү көрө аласыздар.

Бул долбоор Scaling Up Nutrition кыймылы тарабынан каржыланып "Тамактанууну жакшыртуу жана азык- түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянс" коомдук уюму тарабынан аткарылып жатат.

«Туура тамактаналы» телеберүүсүнүн чыгарылыштарын биздин YouTube каналдан кайталоо иретинде көрө аласыз.